Бишкекте үч эм төрөлүп, ымыркайларга Садыр, Жапар, Нуркожо деген ысымдар ыйгарылды

Бишкекте үч эм төрөлүп, ымыркайларга Садыр, Жапар, Нуркожо деген ысымдар ыйгарылды

Бишкекте үч эм төрөлүп ымыркайларга Садыр, Жапар жана Нуркожо деген ысымдар ыйгарылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда үч эм ымыркайлар 29-октябрда Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жарык дүйнөгө келген.

Ымыркайлардын биринчиси 2,2 килограмм, экинчиси 2,3 килограмм, үчүнчүсү 2,5 килограмм салмакта. Аларды жарык дүйнөгө алып келген  эне 21 жашта экени айтылууда. 4-ноябрда эне-балдар төрөтканадан үйлөрүнө чыгарылган.
[su_image_carousel source=»media: 47031,47032″ crop=»none» autoplay=»4″]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>