Эл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боорКыргызстандын Анталия шаарындагы башкы консулу алмашты28-март: Күн ачык жана жылуу болотКыргызстанда айына 1000 тонна продукция чыгаруучу заманбап сүт заводу курулат
Бензин 4 сомго, дизелдик отун 6 сомго кымбаттайт
20.01.2022 | 14:26
Кыргызстанда бензин бир айдын ичинде 4 сомго, дизелдик отун 6 сомго кымбаттайт. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, учурда нефтетрейдерлер өлкөнүн күйүүчү май таңкыстыгына жол бербөө үчүн негизги тапшырмасын аткарып жатат. Кыргызстан мунай продуктуларынын 95 пайызын башка өлкөлөрдөн, тактап айтканда, Орусиядан импортко көз каранды.
Учурда 20га жакын нефтетрейдерлер өлкөгө күйүүчү майды Орусиянын нефтини кайра иштетүүчү заводдорунан алып келишет. Ошондой эле, Нефтетрейдерлер ассоциациясы күйүүчү майга болгон дүйнөлүк баалар күн сайын өзгөрүп жатканын белгилейт.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика