Садыр Жапаров Маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачтыКыз ак калпакты өрттөп, тойлордо белек берүү салтынан баш тартууга чакырдыБишкекте СТО жайгашкан имараттагы өрттөн бир адам каза болдуСом түштүк корея вонуна карата бекемделип, британ фунтуна карата алсырадыПРООН киберкылмыштуулук менен күрөшүүчү адистерди даярдоого жардам беретЖети-Өгүз районунда жетим балага үй куруу үчүн жер тилкеси берилди
Транспорт министрлигине Тиллаев орун басар болду (РЕЗЮМЕ)
20.01.2022 | 14:16
Таабалды Тиллаев Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка 19-январда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
Бүгүн, 20-январда министрдин орун басарын жалпы жамаатка Министрлер кабинетинин орун басары Азиз Алиев тааныштырган.
Таабалды Тиллаев 1976-жылы 7-майда Баткен облусунун Лейлек районунун Чимген айылында туулган.
Билими:
- 2005 — К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетин “Бухгалтердик эсеп жана аудит” адистиги боюнча аяктаган.
Эмгек жолу:
- 1995 — Бишкек шаарындагы “Датка” жоопкерчилиги чектелген коомдо экспедитор, менеджер;
- 1999-2000 — “Торговый дом качества” жабык типтеги акционердик коомдо директордун орун басары;
- 2001-2003 — Бишкек шаардык финансалык башкармалыктын ички аудит бөлүмүндө жетектөөчү адис;
- 2003-2007 — Талас, Чүй облустары жана Бишкек шаары боюнча ички аудит бөлүмүндө жетектөөчү адис.
- 2012-2013 — “КыргызНефтьПром” жоопкерчилиги чектелген коомунда аткаруучу директор;
- 2013-2014 — “ГлавНефтеГаз” жабык акционердик коомунун башкы директору;
- 2015 — Жогорку Кеңештин VI чакырылышында “Республика — Ата-Журт” партиясынан депутат.
Үй-бүлөлүү, беш баланын атасы.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат