Ноокатта селден улам 5 адам каза болуп, дагы экөө изделүүдө (видео)

Ноокатта селден улам 5 адам каза болуп, дагы экөө изделүүдө (видео)

Оштун Ноокат районунда селден 5 адам каза болуп, дагы экөө изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

28-июнда саат 16:10до Кулатов айыл аймагында нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен Абшыр-Ата айылында Шаран-Сай сайы аркылуу сел жүргөн. Натыйжада 2 көпүрөнү, 10 электр мамысын агызып, 30дан ашык турак үйгө жана короо-сарайларга жана 1 бала бакчага кирген.

Сел суулары нугунан ашып, сайдын ичинде эс алуучу топчандагы 7 адамды агызып, 5 адамдын сөөгү табылган. Эки адамды издөө иштери уланууда.

Жеринде президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары, Калкты жана аймактарды коргоо башкармалыгынын башчысы, полковник Асан Сулайманов жана ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары иш алып барууда. Ал эми издөө иштеринде ӨКМдин жүздөгөн куткаруучулары тартылды.

Министрликтен билдиришкендей, селден улам Ноокат районунун аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Учурда жеринде ӨКМдин 100дөн ашык куткаруучусу иштеп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР
Тэги: Ноокат сел

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>