Беш күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 70 жаштагы карыя табылды

Беш күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 70 жаштагы карыя табылды

Беш күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 70 жаштагы Акпаралы Акматалиев табылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашты. 

Акпаралы Акматалиев 30-октябрда Чүй жана Интергельпо көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.  Аны издешүүгө көмөк сурап милицияга уулу кайрылган. 

Ыкчам-издөө иштеринин жүрүшүндө Акпаралы Акматалиев кечээ, 5-ноябрда саат 17:00дөр чамасында табылган. Ал милиция кызматкерлерине адашып кетип, үйүнүн дарегин таба албай жүрө бергенин айткан. 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>