Bigser Көчмөндөр оюндарына катышкан 4 өлкөнүн спортчуларына форма тигип берди

Bigser Көчмөндөр оюндарына катышкан 4 өлкөнүн спортчуларына форма тигип берди

Кыргызстандын Bigser компаниясы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышып жаткан төрт өлкөнүн спортчуларына форма тигип берди. Бул тууралуу аталган компаниядан билдиришти.

Bigser формаларды Кыргызстан, Россия, Казакстан жана АКШнын курамалары үчүн тигип берген.

Компаниянын жетекчиси Сергей Быковскийдин айтымында, алар 2014-жылы Кыргызстанда биринчи жолу өткөн Көчмөндөр оюндарынан бери мелдешке катышкан спортчулар үчүн форма тигип келет.

«Бул ирет бизге Көчмөндөр оюндарынын уюштуруу комитети кайрылды. Алар биздин ассортиментти, мүмкүнчүлүктөрдү жана колдонуп жаткан технологияларды изилдеп чыгышыптыр. Натыйжада биз алар койгон тапшырманы ийгиликтүү аткара алдык

Мындай деңгээлдеги мелдештер үчүн спорттук форма даярдоо чоң жоопкерчиликти талап кылат. Ар бир команда үчүн форма уникалдуу болушу керек жана аны даярдоодо улуттук өзгөчөлүктөрдү эске алуу зарыл. Кийим, бут кийим, аксессуарлар – баары бири-бирине шайкеш келип, улуттук колоритти чагылдырышы кажет», — дейт ал.

Ал белгилегендей, компания 2014-жылдан бери жалпы 16 өлкөнүн спортчуларына форма тиккен.

«Этномаданий федерациялар менен иштешип, көчмөндөр маданиятын сактоого жана жайылтууга, элдер ортосундагы мамилелерди бекемдөөгө салым кошуп жатканыбызга дайыма кубанычтабыз», – дейт Быковский.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-сентябрда Астанада башталды. Ага 89 өлкөдөн келген 2,5 миңден ашуун спортчу катышууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>