Билим берүү министринин орун басары Индия жана Пакистандын студенттери жашаган жатаканаларга барды

Билим берүү министринин орун басары Индия жана Пакистандын студенттери жашаган жатаканаларга барды

9-майда билим берүү жана илим министринин орун басары Альберт Махметкулов Индия жана Пакистандан келген студенттер жашаган бир нече жогорку окуу жайлардын жатаканаларына барды. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.

Маалыматка караганда, сапар аталган өлкөлөрдөн келген чет элдик студенттердин ортосундагы чыр-чатактардын жана провокациялардын алдын алуу жана болтурбоо максатында ишке ашырылды.

Министрдин орун басары «Кыргызстан Эл аралык университетинин» окуу-илимий өндүрүштүк комплексинин, Эл аралык Европалык университетинин жана Азия медициналык институтунун жатаканаларындагы абалды текшерип, студенттерге алардын негизги максаты — билим алуу экенин эскертип, мекендеги саясий окуялар чыр-чатактарга себеп болбошу керектигин баса белгиледи. Махметкулов ошондой эле студенттерди саясий талкууларга катышуудан алыс болууга чакырды.

Жатаканалардын жетекчилигине Индия жана Пакистандан келген студенттердин ортосундагы абалды жөнгө салуу, түшүндүрүү жана алдын алуу иштерин жүргүзүү тапшырылды. Мындан тышкары, кырдаалды көзөмөлдөп, келип чыккан окуяларга ыкчам чара көрүү боюнча жумушчу топ түзүү сунушталды.

Министрдин орун басары жатакананын жашоо-шарттары менен таанышып чыкты. Текшерүүнүн жыйынтыгында көпчүлүк жатаканаларда студенттер үчүн бардык шарттар түзүлгөндүгү белгиленди. Кемчиликтер аныкталган учурларда жетекчиликке аларды тез арада жоюу тапшырылды.

Индия менен Пакистандын чек арасындагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу, Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги укук коргоо органдары менен биргеликте чет элдик студенттердин ортосундагы ыктымалдуу инциденттердин алдын алуу боюнча чараларды көрүүдө.

ТИМ кыргызстандыктарды Индия жана Пакистанга барбай турууну сунуштайт

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>