Билим берүү министрлиги евразиялык платформада Россия менен кызматташуунун оң натыйжаларын белгиледи

Билим берүү министрлиги евразиялык платформада Россия  менен кызматташуунун оң натыйжаларын белгиледи

«Бүгүнкү күндө биз жетишилген оң натыйжалар Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын билим берүү тармагындагы кызматташтыгыбызды көптөгөн багыттар боюнча бекемдөө мүмкүнчүлүгүн көрсөтүп турат. Бул тууралуу «Евразия – салттуу баалуулуктардын аймагы» эл аралык коомдук жана бизнес форумунда КР Билим берүү жана илим министринин орун басары Альберт Махметкулов билдирди.

“Курчатовдун, Менделеевдин жана башка улуу окумуштуулардын жана ойлоп табуучулардын классы буга чейин эле бар. Студенттер үчүн программа өзгөчө Россия жана Казакстан менен ийгиликтүү ишке ашырылууда. Жакынкы арада биз Кыргызстанда тогуз орус мектебин куруу жана КРСУнун инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашырууну күтүп жатабыз. Билим берүү тармагында дагы, башка тармактарда дагы мындай пайдалуу долбоорлордун саны дагы көбөйөт деп ишенебиз”,-деп жыйынтыктады Билим берүү жана илим министринин орун басары Альберт Махметкулов.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>