Билим берүү жана илим министрлиги Индия-Пакистан чек арасындагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу укук коргоо органдары менен биргеликте жогоруда аталган өлкөлөрдөн келген студенттердин ортосунда провокациялардын жана чыр-чатактын алдын алуу боюнча зарыл чараларды көрүп жатканын билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган чет мамлекеттерден келген студенттерди окутуп жаткан жогорку окуу жайлардын администрацияларына чет өлкөлүк студенттер арасындагы кырдаалды күчөтүлгөн көзөмөлгө алуу тапшырылган.
Ошондой эле алардын арасында түшүндүрүү-профилактикалык иш-чараларды уюштуруу, чет өлкөлүк студенттер арасындагы кырдаалды мониторингдөө жана келип чыккан окуяларга ыкчам чара көрүү боюнча жумушчу топ түзүү тапшырмасы берилген.
Эске салсак, азыркы тапта Индия менен Пакистандын чек араларында куралдуу кагылыш болуп жатат. Кагылыштан эки тараптан жалпысынан 36 адам каза болгону айтылууда.
Индия менен Пакистан бири-бирине аскердик чабуул койду. Эмнелер белгилүү?