Билим күнүндө, качан жол жүрүүгө буйрутма берүү оң болоорун, Яндекс Goдон айтып беришти

1-сентябрда кызматтын тарифтери өзгөрбөйт, бирок суроо-талаптын жогорулашына байланыштуу жол кире акысы кымбатташы мүмкүн – анткени көпчүлүк адамдар мектепке бир эле учурда баруу үчүн буйрутма беришет. Айдоочулар да балдарын мектепке алып барышкандыктан, бул күнү жолдо унаалар аз болушу мүмкүн. Яндекс Go Билим күнүндө жол жүрүүгө буйрутма берүү кайсы убакта пайдалуураак экенин жана акчаны үнөмдөө үчүн кандай лайфхактарды колдонсо болорун айтып берет.
Жол жүрүүгө буйрутма кылуу качан пайдалуураак
Яндекс Go былтыркы сервисти пайдалануунун маалыматына таянып, 1-сентябрда* кайсыл убакта жол жүрүүгө буйрутма берген оң болоорун алдын ала билдирди. Билим күнүндө адамдар таңкы саат 6:20дан баштап жол жүрүүгө активдүү буйрутма бере башташат, андыктан унааны бул убакытка 10-15 мүнөт калганда, эрте чакырган оң. Суроо-талаптын бир аз төмөндөшү 6:55тен 7:10го чейин байкалат, бул учурда жүрүүнүн баасы бир аз төмөн болушу мүмкүн. Сервиске жол жүрүүгө буйрутма берүүнүн суроо-талабы адатта саат 9:50дөн кийин төмөндөйт.
Жол жүрүүнун баасы эмнеге көз каранды?
1-сентябрда бардык сапардын баасын түзгөн тарифтер — 1 километр жана 1 мүнөт жол жүрүү баасы — тейлөөдө өзгөрбөйт. Бирок акыркы баага суроо-талаптын деңгээли жана линиядагы жеткиликтүү унаалардын болушу да таасир этет: эгерде жол жүргүсү келгендердин саны айдоочуларга караганда көбүрөөк болсо, сапардын баасы демейдегиден жогору болушу мүмкүн.
Билим күнүндө көптөгөн адамдар бир эле учурда мектепке баруу үчүн жол жүрүүгө буйрутма беришкендиктен, суроо-талап күчөйт. Айдоочулар да балдарын мектепке алып барышат, ошондуктан айрым унаалар линияга чыкпай калышы мүмкүн. Андыктан дисбалансты жөнгө салып, суроо-талап көбөйгөн аймактарга көбүрөөк айдоочуларды тартуу үчүн сервисте автоматтык түрдө баанын өсүү коэффициенти иштей баштайт. Бул шашылыш муктаж болгондорго барууга мүмкүнчүлүк берүүчү убактылуу чара.
Коэффициент линияга көбүрөөк айдоочуларды тартат жана алардын саны муктаж болгондордун бардыгынын сапарын камсыз кылууга жетиштүү болгон кезде, баалар нормалдашат.
Лайфхактар: жол жүрүүдө дагы кантип үнөмдөсө болот
1. Суроо-талаптын индексине көңүл буруңуз
Яндекс Go тиркемесинде суроо-талаптын индекси бар — реалдуу убакыт режиминде суроо-талаптын деңгээлин көрсөткөн атайын көрсөткүч бар, аны тиркеменин негизги экранынын жогорку сол бурчунан тапса болот. Эгерде жолдо бош унаалар жетиштүү болсо, көрсөткүч жашыл түстү көрсөтөт жана жол жүрүүнүн баасы адаттагыдай болот. Эгерде суроо-талап жогору болсо, индекатор кызгылт сары же кызыл болуп, жол кире демейдегиден жогору болот.
2. Колдонмодогу “Жөө басуу” жана “Күтүү” кеңештерин колдонуңуз
Яндекс Goдо суроо-талап жогору болгон мезгилде да жол жүрүүдөн үнөмдөөгө шарт түзүүчү кеңештер бар. Мисалы, колдонмо унааны бир аз көбүрөөк күтүүнү же жолдо тыгын жаралса, короого кирүү кыйындаса, унаага олтуруу жерине жетүү үчүн бир нече мүнөт басууну сунушташы мүмкүн. Жүргүнчү үчүн мындай жол жүрүү арзаныраак болсо, айдоочу үчүн кошумча убакыт кетирбей, жаңы чакырууга тезирээк жетишке шарт түзөт.
3. “Бирге” тарифин колдонуңуз
“Бирге” тарифин тандап, аны башка жүргүнчү менен бөлүшсөңүз, сапар баасы арзаныраак болот.
4. Так сааттарда унаага буйрутма бербеңиз
Эгерде сиз машинеге так сааттарда эмес, 5-20 мүнөт калганда буйрутма кылсаңыз, суроо-талап бир аз азыраак болушу мүмкүн. Мисалы, саат 12:00дө үйдөн чыгууну пландап жатсаңыз, аны 11:40та жасаганыңыз оң.
*Маалымат кеңеш берүүчү мүнөзгө ээ. Сапарлардын наркынын иш жүзүндөгү динамикасы жана суроо-талаптын динамикасы ар кандай болушу мүмкүн.