Онкология борборуна жасалма интеллект менен иштеген төрт УЗИ аппараты орнотулдуСаламаттык сактоо министри энергетикалык суусундуктарга тыюу салуу демилгесин колдодуЫсык-Көлдө мыйзамсыз балык уулоого шектелген жарандан 777 метр тор алындыКурулуш министри Орунтаев Бишкек шаарынын мэри болуп дайындалышы мүмкүн деген сөздөргө жооп бердиТСЖнын отчеттуулугунан жаныбарларды коргоого чейин — Дастан Бекешев мыйзам долбоорлору тууралууКРда ыдык көрсөткөндөргө айып, камак жана абак жазасы сунушталды
Чолпон-Атадагы Камчы Көлбаевдин үйлөрү билим берүү мекемелерине айланды
29.08.2025 | 14:56

Кылмыштуу дүйнөнүн лидери катары таанылган Камчы Көлбаевге таандык үйлөр мамлекетке конфискацияланып, Чолпон-Ата шаарынын балансына өткөрүлгөн. Калктын социалдык муктаждыктарын эске алуу менен жергиликтүү бийлик бул имараттарды билим берүү тармагына пайдаланууну чечти.
Натыйжада, Көлбаев мурда өзү жашаган үй “Баластан” атындагы 100 орундуу бала бакчага айландырылды. Ал эми ошол эле короодогу атасынын үйүнө Ысык-Көл райондук билим берүү бөлүмү жайгашты.
Рубрики: Жаңылыктар