Билл Гейтс коронавирустук пандемия качан бүтөөрүн божомолдоду

Билл Гейтс коронавирустук пандемия качан бүтөөрүн божомолдоду

Microsoft’тун негиздөөчүсү Билл Гейтс «Fox» телеканалына берген интервьюсунда коронавирустук пандемия качан бүтөөрүн божомолдоду. Анын айтымында эң жакшы деген учурда, адамзат бул пандемиядан 2022-жылы кутулат. 

“Эгерде 2021-жылы дүйнөлүк масштабда киришсек, вирусту жугузуп алгандардын санын бир топ азайта алабыз. Кудайга шүгүр, учурда вакцинаны даярдоо үчүн технология бар, эң мыкты адисттер тартылган жана каражат менен камсыздоо дагы жакшырды. Ошондуктан, мен ойлойм бул нерсе түбөлүккө созулбайт”, — дейт Билл Гейтс.

Билл Гейтстин пикири боюнча, АКШда пандемия келе жаткан жылдын жай мезгилинде бүтүшү мүмкүн. Ал бул пикирин АКШнын вакцина ойлоп табуудагы жетишкендиктерин эске алуу менен тастыктаган. Ошондой эле ал Американын кедей өлкөлөргө вакцинаны таратуу жана өндүрүү аракеттерин жасабагандыгын сынга алган.

Гейтс АКШдагы коронавирус менен күрөшүү иш аракеттерин туура эмес деп баалаган. Анткени алар вирустук инфекцияга тест тапшырганы менен анын жыйынтыгын көпкө күтүү керек деген. Ал ар кайсы өлкөлөрдүн ортосундагы “вакцина чыгаруудагы жарышты” дагы туура эмес деп эсептейт, бул жарыш керектүү текшерүүлөрдөн өтпөгөн препараттардын чыгышына жол берет дейт.

Fox News басылмасы жазгандай, Билл Гейтстин компаниясы пандемияга каршы күрөштө 650 млн доллар каражат бөлгөн жана мындай ири компаниялардын арасында рекорд койгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>