Кыргызстанда КРВИ жана сасык тумоо көбөйүүдө: жуманын ичинде 8 миң учур катталдыВиктор Козодой: «Кыргыз цивилизациясы — дүйнөнүн бешинчи дарыялык цивилизациясы»«Ала-Арча» резиденциясында ачылган мектеп менен бала бакчага кабыл алуу башталдыЭнергетика министри Кара-Кечедеги көмүр казууларды текшерди: дефицит жокКыргызстанда жаңы футбол клубу түзүлдү. Аны Өмүрбек Бабанов каржылайтБишкектин бир районунда 20-ноябрда суу убактылуу өчүрүлөт
Бир аптада 176 мас айдоочу кармалды
08.07.2024 | 12:53
1 – 7-июль аралыгында 20 миң 589 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Алардын 176сы мас абалында рулга олтурган. Жалпысынан 9 миң 748 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
Андан тышкары:
-Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу-232;
-Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу-64;
-Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар-923;
-Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу-3 255;
-Авто ээнбаштык – 15;
-Белгиленген ылдамдыктан ашуу- 4 820;
-Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 2;
-Башка жол эрежелерин бузуу фактылары –1 354.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом