«Бир да пансионат бош калбайт». Жапаров уран казуунун туризмге таасирин айтты

«Бир да пансионат бош калбайт». Жапаров уран казуунун туризмге таасирин айтты

Айрым өлкөлөр Кыргызстандын уран, торий казуу демилгеси боюнча туура эмес маалыматтарды таркатууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Депутат Нуржигит Кадырбеков бийликтин уран казуу чечими туризмге, Ысык-Көлдөгү эс алуу жайларга терс таасирин тийгизери боюнча божомолдор айтылып жатканын жеткирди.

Акылбек Жапаровдун пикиринде, туристтерди уран казуу демилгеси эмес, пансионаттагы шарттар чочутат.

«Пансионат ээлери өздөрү жолдорун оңдобой, саркынды сууларын тазалабагандыктан туристтер келбей жатат. Биз жолун оңдоп бердик. Быйыл бир дагы эс алуу жайы бош калбайт», — дейт ал.

Минкабтын төрагасы чет элдик медиалар туура эмес маалымат таркатып жатканына даттанды.

«Туура эмес маалымат тарап, айрым өлкөлөрдүн радиостанциялары тынбай иштеп жатат. Ал үчүн эмиратта 130 миң доллар айып пул салмак. Тоонун ар жагындагы өлкөлөр торийди казып өнүгүштү, эми бизге келгенде ар кандай сөздөр пайда болду. Биздин жоголуп кетишибизди самагандар бар экенин жашырбайбыз», — дейт ал.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеш уран казууга тыюу салууну жокко чыгарган мыйзам долбоорун 3 окууда колдоду.

Уран кенин иштетүүгө макул жана каршы деп добуш берген депутаттардын тизмеси

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>