Бир күндө 5 медиктен коронавирус табылды

Бир күндө 5 медиктен коронавирус табылды
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова 17-августтагы брифингде билдирди.

Жаңы учурлар:

• Бишкек шаарында – 1;
• Чүй облусунда – 1;
• Жалал-Абад облусунда – 1;
• Ош облусунда – 1;
• Баткен облусунда – 1.

Ал эми бир суткада 5 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыккан. Мындан сырткары үй карантининен 9 медициналык кызматкер айыгып чыгарылган.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3035 учур катталды, алардын ичинен 2342 медкызматкер айыкты.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>