Кара-Суу районунда декабрда жаңы базар курула баштайт — ТуманбаевУКМК баңгизат ташуу каналын уюштурган топту аныктап, бир жаранды кармадыБаатыр энелердин пенсиясына үстөк акы 1 миңден 5 миң сомго чейин көбөйөтОшМУ менен Италиянын Кассино жана Түштүк Лацио университети кызматташатАУРВА: криптоиндустрия үчүн эрежелерди түшүнүктүү жана ачык кылуу керекКара-Суу базарынын соодагерлери митингге чыгышты. Милиция териштирүү баштады
Таласта унаа жөө адамдарды сүзүп кетти (видео)
23.10.2024 | 11:04
Таласта бүгүн, 23-октябрда жеңил унаа жөө адамдарды сүзүп кетти. Бул тууралуу облустагы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Алдын ала маалымат боюнча, жеңил унаа карама-каршы тилкеге чыгып кетип, жолдон өтүп бараткан жөө адамдарды, андан кийин эки унааны сүзүп, жол жээгине чыгып кеткен.
Учурда жабыркагандар, анын ичинде каза болгондор боюнча маалымат такталууда. Жеринде милиция кызматкерлери иштеп жатат.