Бишкектин «Мурас Ордо» конушунда 29-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөтСадыр Жапаров Түркияга иш сапары менен баратАйпери Медет кызы Астанадагы Дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөтЭксперт: Кыргызстан бир нече жыл бою Россиядан күйүүчү май албай калышы мүмкүнКанат Эшатов: Кыргызстанда күйүүчү майдын чекене баалары жыл аягына чейин өзгөрбөйтКыргызстан менен Катардын ортосунда Ишкерлер кеңеши түзүлөт
Бишкекте автобустардагы QR-код менен валидаторлор иштебей жатат
23.10.2024 | 10:15
Бишкекте бүгүн, 23-октябрда эртең менен муниципалдык автобус жана троллейбустардагы валидаторлор менен QR-код иштебей, жүргүнчүлөр жол кирени накталай төлөөгө аргасыз болууда. Бул тууралуу Reporter.kg’ге шаар тургундары билдирди.
Алардын айтымында, валидаторлор иштебегендиктен, “Тулпар” карталары, банк карталары, ошондой эле QR-код аркылуу да жол кирени төлөөгө мүмкүн болбой жатат.
Айдоочулар QR-код менен валидаторлор бардык коомдук унааларда иштебей жатканын айтышкан. Мындан улам жүргүнчүлөр жол кирени накталай төлөөгө аргасыз.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом