Бир күндө коронавирустан 1 адам каза болуп, 87 адамдан илдет табылды

Бир күндө коронавирустан 1 адам каза болуп, 87 адамдан илдет табылды

Соңку суткада коронавирус илдетинен 1 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 9-сентябрдагы брифингде  саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди. 

Маалыматка ылайык, Таласта 1 адам коронавирус илдетинен каза болгон.

Мындан сырткары бир күндө коронавирус 87 адамдан табылган:

Бишкек — 27
Ош – 2
Чүй облусу – 8
Ош облусу — 11
Талас облусу — 2
Ысык-Көл облусу – 7
Жалал-Абад облусу – 13
Баткен облусу — 17

Жалпы коронавируска чалдыккан кыргызстандыктардын саны 44613кө жетти. 

Ошондой эле бир күндө коронавирустан  178 адам сакайып, үйлөрүнө чыккан. Алардын арасында 12 медицина кызматкери бар.

Муну менен сакайгандардын жалпы саны 40 336га жетти. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>