Бир суткада 606 адамга COVID жукту, төрт адам каза болду

Бир суткада 606 адамга COVID жукту, төрт адам каза болду

Соңку суткада коронавирус дагы төрт адамдын өмүрүн алып, бул илдеттен жалпы 1134 бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Маалыматка караганда, каза болгондор Баткен, Чүй, Ош облустарында жана Нарын облустарында даарыланып жатышкан.

Ал эми бир суткада 606 киши коронавирус жуктуруп алса, 279 бейтап илдетти жеңип чыккан.

24-октябрга карата Кыргызстанда COVID-19 жуктургандардын саны 55 750гө жетти. Алардын ичинен 47 616 бейтап айыгып чыкты.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>