Кыргызстандын ооруканаларында коронавирустан соңку бир сутка ичинде 24 бейтап каза болду. Бул тууралуу 27-июлдагы брифингде саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.
Каза болгондордун көбү Бишкекте жана Жалал-Абадда — алтыдан адам, Ысык-Көл облусунда төрт адам, Талас облусунда 3 адам, Ош облусу, Ош шаары, Баткен облусу, Чүй облусу жана Нарын облусунда бирден адам каза болду.
Жалпысынан республика боюнча 1301 адам коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) каза болгон.