Бир жумада Бишкекте 121 мас айдоочу кармалды
Бишкекте бир жумала 9 миңден ашык жол эреже бузуу аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 15нен 21-январга чейин катталган 9 миң 8 жол эреже бузуунун ичинен 121 айдоочу мас абалда кармалган, 104 киши унаанын ылдамдыгын ашырып айдаган, 91 адам айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкарган.
15-21-январда аныкталган башка жол эреже бузуулар:
– унааны тиешелүү каттоосу жок башкаргандар – 293;
– эреже бузган жөө жүргүнчүлөр – 887;
– жол белгилеринин талаптарын аткарбагандар – 5 миң 813;
– унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылаткандар – 24;
– мотошлемдерди же коопсуздук курларын пайдалануу эрежелерин бузуу – 636;
– башка эреже бузуулар – 1 миң 39;
Ошондой эле 1 миң 65 унаа айып короосуна токтотулган.
Милициянын кайгуул кызматы жарандарды жол эрежесин сактоого чакырат.