Бир жумада Бишкекте 121 мас айдоочу кармалды

Бир жумада Бишкекте 121 мас айдоочу кармалды

Бишкекте бир жумала 9 миңден ашык жол эреже бузуу аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 15нен 21-январга чейин катталган 9 миң 8 жол эреже бузуунун ичинен 121 айдоочу мас абалда кармалган, 104 киши унаанын ылдамдыгын ашырып айдаган, 91 адам айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкарган.

15-21-январда аныкталган башка жол эреже бузуулар:

—  унааны тиешелүү каттоосу жок башкаргандар — 293;

—  эреже бузган жөө жүргүнчүлөр — 887;

— жол белгилеринин талаптарын аткарбагандар — 5 миң 813;

— унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылаткандар — 24;

—  мотошлемдерди же коопсуздук курларын пайдалануу эрежелерин бузуу — 636;

—   башка эреже бузуулар – 1 миң 39;

Ошондой эле 1 миң 65 унаа айып короосуна токтотулган.

Милициянын кайгуул кызматы жарандарды жол эрежесин сактоого чакырат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>