Кыргызстанда 2нен 8-сентябрга чейин 20 миң 858 жол эреже бузуу аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Жол эреже бузуу фактылары боюнча 2 миң 222 унаа айып короого коюлган.
Бир жумада аныкталган жол эреже бузуулар:
— Тийиштүү документтери жок унаа башкаруу – 482;
— Мас абалында унаа айдоо – 249;
— Унаанын айнектерин мыйзамсыз караңгылатуу – 57;
— Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 392;
— Унаа каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3 миң 157;
— Автоээнбаштык — 8;
— Ылдамдыкты ашырып айдоо – 4 миң 492;
— Жалган мамлекттик номер менен унаа башкаруу – 1;
— Башка жол эрежелерин бузуулар – 12 миң 20;