2023-жылы Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан 2,936 млрд сомго 1 366 насыя берилди. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти.
Маалыматка караганда, «Менин үйүм 2021-2026» турак жай программасынын алкагында 9, 158 млрд суммага 3 902 насыя берилген.
Насыялардын орточо суммасы — 3 млн сом, пайыздык ченем — 4%, 25 жылдык мөөнөткө чейин.
«Кыргыз Республикасындагы турак жайды каржылоо» (KFW) программасы боюнча аймактарда 1,5 млрд сомго ипотекалык насыя берилип 713 үй-бүлө турак жайлуу болушту.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз