Бишкекте чыр: блогер соттук-медициналык экспертизанын кызматкери менен тил табыша алган жокАйыл чарба министрлиги кайра иштетүүчүлөр менен уруксат берүүчү документтерди жөнөкөйлөтүүнү талкууладыЖапаров Бердымухамедов менен жолукту — эмнелер талкууландыКыргызстанда калктуу конуштарда көчмө май куюучу жайларга тыюу салуу сунушталуудаБишкекте 80 млн сомго жаңы терапия бөлүмү курулду — сүрөтЖапаров Борбордук Азия жана Азербайжандын бирдиктүү онлайн соода аянтчасын түзүүнү сунуштады
Кыргыз-казак чек арасында кайра оор жүк ташуучу унаалар топтолду
23.12.2023 | 13:00
Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги бардык өткөрүү жайлары штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
Маалыматта 22-декабрь күнү “Ак-Тилек-автожол” өткөрүү жайында транспорт каражаттарынын жана жүктөрдүн топтолуусу катталгандыганы белгиленет. Ага Жамбыл облусунда аба-ырайы убактылуу жакшыргандыгына байланыштуу Кыргызстандан Казакстанга жана башка өлкөлөргө жүк ташуунун агымы кескин көбөйгөндүгү себеп болууда.
Кечээ саат 17:00го карата “Ак-Тилек-автожол” чек ара көзөмөлүнөн өтүүгө 468 жүк ташуучу унаа топтолгон.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом