Гуманитардык сабактардын мугалимдери айлыгы төмөн экенине нааразыНоокенде бала бакчада 80 литрлик бойлер жарылып, имарат катуу жабыркадыБалыкчы — Кочкор темир жол тилкеси 2026-жылдын августунда ишке киргизилет – «Кыргыз темир жолу» УК»Ысык-Ата районундагы «Туз» суу сактагычынын сыйымдуулугу эки эсеге көбөйөтЧет өлкөлүк жарандар балдарын мектепке 1-класска кантип каттай алышатЧүйдө «Асыл Тери» терини кайра иштетүүчү заводунун курулушу башталды
Бир жылда Кыргызстан калкы дээрлик 125 миң адамга көбөйдү
11.09.2023 | 20:23
Кыргызстандын туруктуу калкынын саны 2023-жылдын башындагы эсептөөлөр боюнча 7 миллион 37 миңден ашуун адамды түздү. Бул тууралуу 11-сентябрда Кыргызстандын Улуттук статистикалык комитети билдирди.
Бул көрсөткүч 2022-жылдын башына салыштырмалуу дээрлик 125 миң адамга көбөйгөн. 2022-жылы калктын өсүү темпи бир аз өсүп, 2021-жылдагы 1,7%га каршы 1,8% түздү.
Калктын эң жогорку өсүш темпи Ош жана Бишкек шаарларында байкалган. Ош шаарында – 3%, Бишкек шаарында – 2,8% жана Баткен облусунда – 2%. Ысык-Көл жана Нарын облустарында калктын төмөнкү өсүш темпи белгиленген.
Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен калкынын саны азайбай, өсүп жаткан өлкөлөрдүн бири экенин Улуттук статистикалык комитет билдирди.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом