Кыргызстанда орточо айлык акы канчага өскөнү айтылды

Кыргызстанда орточо айлык акы канчага өскөнү айтылды

2023-жылдын январь-июль айларында бир кызматкерге чегерилген орточо эмгек акы 32 миң 146 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин төраганын орун басары Бакытбек Шокенов бүгүн, 11-сентябрда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу маяна 27,2%га өскөн.

«Эң олуттуу өсүш мамлекеттик башкаруу жана коргонуу, милдеттүү социалдык камсыздоо, суу менен камсыздоо, кыймылсыз мүлк менен операциялар, маалымат жана коммуникациялар, дүң жана чекене соода, транспорт ишмердүүлүгү, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсүндө байкалууда», — деди ал.

Статистикалык маалыматтарга ылайык, январь айында орточо эмгек акы 29,9 миң сом, февраль айында 30,2 миң сом, мартта 31,9 миң сом, апрель айында 31,2 миң сом, майда 33,1 миң сом, июнь айында 35,3 миң сом болгон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>