БШК депутат Курманкул Зулушевди мандатынан ажыратты14-март: Өлкөдө күн ачык болотКыргызстандын товарлары Өзбекстандын рыногуна чыгууда: 500 миң долларлык экспорттук келишимге кол коюлдуДүйнөлүк банк Камбар-Ата-1 ГЭСин курууну аймактын энергетикалык коопсуздугунун негизги фактору деп атадыМаданият кызматкерлеринин айлыгы 35 миң сомго чейин көтөрүлүп, 117 мекемеге кызматтык унаа берилетСузакта алимент төлөөдөн качкан жаран 1 жылга эркинен ажыратылды
Биринчи айым Айгүл Жапарова Энелер күнүнө арналган иш чарада
13.05.2022 | 12:51
Бишкек шаарындагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун Клиникалык төрөт үйүндө Энелер күнүнө карата иш-чара өттү.
Маалым болгондой, иш-чарага Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова, Жогорку Кеңештин, Министрлер Кабинетинин жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү катышып, энелерди куттукташты. Өз сөзүндө Айгүл Жапарова балдар үчүн энелердин орду бийик экенин белгиледи.
Иш-чаранын алкагында, ачык эшик күнү өткөрүлүп, аялдардын репродуктивдүү ден соолугун коргоону камсыз кылуу максатында, коопсуз эне болуу тууралуу маалыматтар берилип, саламатыгы текшерилди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом