БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
Биринчи класска барууга 126 миң 578 бала каттоодон өттү
28.08.2024 | 16:20
www.mektep.edu.gov.kg балдарды мектепке кабыл алуунун бирдиктүү маалыматтык системасына 126 миң 578 бала катталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Ушул тапта эң көп Ош облусунда – 24 миң 459 бала, Жалал-Абад облусунда – 24 миң 80, Чүй облусунда – 22 миң 107, Бишкек шаарында – 16 миң 738 жана Баткен облусунда – 12 миң 110 катталды.
Учурда 30-августка чейин анык жашаган жери боюнча (факт боюнча) mektep.edu.gov.kg платформасында мектеп жашына жеткен балдарды (6-7 жаш) онлайн каттоо жүрүүдө.
Балдарды платформага ата-энелер же мыйзамдуу өкүлдөр каттай алат.
Рубрики: Жаңылыктар, Илим-билим