Путин Бээжинге келди: Си менен сүйлөшүүлөр жана кол коюла турган 40 документДепутат исламдык камсыздандырууга кыргызча аталыш берүүнү сунуштады«Асман Эйрлайнс» авиабилеттерди расмий каналдар аркылуу сатып алууну сунуштайтЖээнбек Кулубаев Мозамбик жана Намибияга расмий сапар менен барат27-майда Курман айтка байланыштуу КТБлар иштебейтСаякат ушул жерден башталат: MTravel Day кантип асманга билеттерди таратып, туризмдин келечегин тааныштырды
Биринчи класска барууга 126 миң 578 бала каттоодон өттү
28.08.2024 | 16:20
www.mektep.edu.gov.kg балдарды мектепке кабыл алуунун бирдиктүү маалыматтык системасына 126 миң 578 бала катталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Ушул тапта эң көп Ош облусунда – 24 миң 459 бала, Жалал-Абад облусунда – 24 миң 80, Чүй облусунда – 22 миң 107, Бишкек шаарында – 16 миң 738 жана Баткен облусунда – 12 миң 110 катталды.
Учурда 30-августка чейин анык жашаган жери боюнча (факт боюнча) mektep.edu.gov.kg платформасында мектеп жашына жеткен балдарды (6-7 жаш) онлайн каттоо жүрүүдө.
Балдарды платформага ата-энелер же мыйзамдуу өкүлдөр каттай алат.
Рубрики: Жаңылыктар, Илим-билим