Биринчи Май райондук сотунда Sheraton мейманканасында болгон мушташ боюнча иш каралууда

22.09.2025 | 14:34

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда 30-июнда Sheraton мейманканасында болгон мушташ фактысы боюнча кылмыш иши каралууда. Бул тууралуу «Сводка АКИpress» жабырлануучунун жактоочусу Шердор Абдыкапаровго шилтеме берип жазып чыкты.

Жактоочунун маалыматында, буга чейин сотто жабырлануучу тарап, бардык күбөлөр, ошондой эле бийчи Жан Воинов жана анын жубайы Зарина Алмасова суралган. Эми Зарина Алмасованын иниси суралат. Ал эми кийинки соттук отурум 24-сентябрда өтөт.

Эске салсак, ушул жылдын 30-июнунда Бишкек шаарындагы “Шератон” мейманканасында мушташ болуп, 3 кыз сабалган. Бул окуя боюнча бийчи Жан Воинов жана анын аялынын иниси Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) менен кармалышкан. Кийин Жан Воинов камактан бошотулганы кабарланган.

Scroll to Top