Ош шаарында декабрда балмуздак жана сүт азыктарын чыгаруучу завод ишке киретМурда алты жолу соттолгон жаран баңгизат менен кармалдыКыргызстанда дары-дармектерди сактоо жана ташууга көзөмөлдү күчөтүү көздөлүүдөКыргызстанда 680 сомдон эт сатуучу дагы 100 павильон ачуу пландалуудаУлуттук госпиталдын көз микрохирургия бөлүмүнө 68 млн сомдук медициналык жабдуулар берилдиЖапонияда Борбор Азияны бирдиктүү турпродукт катары илгерилетүү сунушталды
Кара-Балтада парктарды көрктөндүрүү боюнча подрядчы кармалды
22.09.2025 | 14:30

УКМК Кара-Балта шаарындагы парктарды көрктөндүрүүгө жана суу менен камсыздоо тутумдарын оңдоого бөлүнгөн каражаттар боюнча жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө мыйзам бузууларды аныктады.
Маалыматка ылайык, иш аткаруучу «Г.Т.И.» ЖЧКнын башкы директору А.Н.А. курулуш жана монтаж иштеринин баасын 27,2 млн сомго жасалма негизде жогорулаткан.
Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгү (коррупция) боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына.