Биринчи вице-премьер коронавирусту жеңип жумушка чыкты

Биринчи вице-премьер коронавирусту жеңип жумушка чыкты

Биринчи вице-премьер Алмазбек Баатырбеков коронавирус илдетинен айыгып, жумушка чыкты. Бул тууралуу 15-июлда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, биринчи вице-премьер коронавируска чалдыгып, сол өпкөсү сезгенген. Дарылоодон кийин тапшырган анализинин жыйынытыгы таза чыккан.

Буга чейин, айрым маалымат каражаттары Алмазбек Баатырбековдун коронавирус жуктуруп алгандыгын жазышкан.Бирок муну өкмөттүн маалымат кызматынын жетекчиси Чыңгыз Эсенгулов четке кагып,  Алмазбек Баатырбеков COVID-19 жуктургандар менен байланышта болгондуктан аралыктан иштеп жатканын айткан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>