Трамп Кубаны «басып алуу» ал үчүн чоң сыймык болорун билдирдиБишкекте мотоцикл, скутер жана мопед айдоочуларына карата рейддер башталдыЖергиликтүү продукция деп сатылган кытай картошкасы: Кыргызстанда рейддер башталатИИМ: «Кыргызнефтегаз» ишканасындагы коррупция боюнча кылмыш иши козголдуЕЭК Кытайды евразиялык логистиканын ачкычы деп атадыӨзбекстан импорттоочулардын массалык дооматтарынан улам жашылча экспортун көзөмөлдөө тутумун өзгөртүүдө
Бишкек +37. Эртеңкиге карата аба ырайы тууралуу маалымат
15.07.2022 | 21:13
Эртең, 16-июлда түнкүсүн жаан-чачын болбойт.
Кыргызгидромет борборунун маалыматына ылайык, күндүз Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +15…+20, күндүз +32…+37,
Талас облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +30…+35,
Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн +18…+23, күндүз +33…+38,
Ысык-Көлдө түнкүсүн +11…+16, күндүз +24…+29,
Нарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +25…+30,
Эртең, Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19, күндүз +35…+37 градус болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом