Акчаңызды алдамчылар уурдап кеткиче, бул постту ата-энеңизге жөнөтүңүзЧолпон-Атада ат үстүндөгү спорттук туризм боюнча дүйнө чемпионаты өтөтЧүйдүн Шопоков шаарында 7,7 млн долларга сүттү кайра иштетүүчү завод курулатКыргызстандан Маскат шаары аркылуу Сауд Арабиясына авиакаттамдар ачылдыЭнергетика министри Кыргызстанда электр энергиясы эмне үчүн тартыш болуп жатканын түшүндүрдүЧыңгыз Айтматовдун чыгармаларын малай тилине которуу мүмкүнчүлүгү каралууда
Милянфан айыл өкмөтүнүн башкы адиси УКМКнын кызматкерине пара берип жаткан жеринен кармалды
15.07.2022 | 20:17
Ысык-Ата районунун Милянфан айыл өкмөтүнүн башкы адиси пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.
«Шектүү Б.Ю.Я. аттуу ыкчам кызматкерине 30 миң сом өлчөмүндө пара берүүнү каалаган. Ал ижарага берилген жайыт жерлеринин максаттуу пайдаланылышынын мыйзамдуулугун текшерүүнү токтотууну пландаштырган», – деп айтылат билдирүүдө.
Кармалган адам УКМКнын СИЗОсуна киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар