«Бишкек Арена» стадионунун курулушу 90%га аяктады

08.04.2026 | 10:53

Бишкек шаарында курулуп жаткан ири стадион «Бишкек Аренаны» куруу иштери 90%га аяктады. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев билдирди.

Анын айтымында, стадиондун аймагында президенттин тапшырмасынын менен «Bishkek Arena Mall» соода борбору курулуп жатат. Соода борборунан түшкөн каражаттар стадионду кармоого, тейлөөгө жана анын инфраструктурасын жакшыртууга багытталат. Бул механизм мамлекеттик бюджетке кошумча жүк түшүрбөстөн, объектинин өз алдынча туруктуу иштөөсүнө шарт түзөт.

Мындан тышкары Туманбаев долбоордо келген жарандар жана ижарачылар үчүн жетиштүү сандагы унаа токтотуучу жайлар каралганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, жаңы стадион ФИФАнын жогорку талаптарына ылайык курулууда, бул эл аралык деңгээлдеги спорттук иш чараларды өткөрүүгө шарт түзөт, стадионго 51 миң адам батат. Курулушту 2026-жылдын август айында аяктоо пландалган.

Scroll to Top