2025-жылдын 6-июнунан тарта жайкы Бишкек-Балыкчы поезди Балыкчы шаарынын пляжына чейин каттамга чыгат. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Графикке ылайык, поезд 6-июндан 6-июлга чейин Бишкек-2 темир жол станциясынан жума, ишемби жана жекшемби күндөрү саат 07:45те жөнөйт. “Балыкчы пляж” аялдамасына келүү саат 12:16га белгиленген. 7-июлдан 31-августка чейин поезд күн сайын каттайт.
Поезд стандарттык вагондордон тышкары панорамалык терезелер, кондиционер, мультимедиялык системалар, жумшак отургучтар, Wi-Fi, USB порттору жана буфет менен жабдылган алты люкс вагонду камтыйт.
Саякат үчүн тарифтер
Кадимки вагондор:
5 жашка чейинки балдар — отургучсуз бекер;
5 жаштан 10 жашка чейин — 73 сом;
10 жаштан жогору — 150 сом.
Люкс вагондор:
5 жашка чейинки балдар — отургучсуз бекер;
5 жаштан 10 жашка чейин — 250 сом;
10 жаштан жогору — 500 сом.
VIP вагондор:
5 жашка чейинки балдар — отургучсуз бекер;
5 жаштан 10 жашка чейин — 400 сом;
10 жаштан жогору — 800 сом.
VIP бөлүм:
Купе — бир купеге 6000 сом (6 чоң жүргүнчүгө чейин);
Ар бир жүргүнчү 5 жашка чейинки бир баланы өзүнчө отургучсуз алып кетүүгө уруксат берилет.
Кол жүгү бекер ташылат.
Билеттерди railway.kg сайтынан, мобилдик тиркемелерден, Бишкек-2 станциясынын кассаларынан жана бош орундар болсо кондукторлордон сатып алса болот. Төлөмдүн бардык түрлөрү бар.
Телефондор: 0 312 30 02 09 жана 0 700 07 66 96 (WhatsApp жана Telegram).