Азыркы тапта милиция кызматкерлери «Чынар» соода үйүнүн капталы, Шопоков көчөсүн курчоого алды.
Алдын-ала маалыматтарга караганда, көчөдө бир унаадан газ чыгып күйүп кетүү коркунучунда турат.
Учурда милиция элди жакын барбоого чакырып, коопсуздук иш-чарасын көрүүдө. Бул маалыматты Reporter.kg нин кабарчысы билдирди.