Депутат шаардыктарды коомдук транспортко өтүүгө чакырды

19.09.2025 | 14:52

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Рысбай Аматов борбор калаадагы жол тыгындарын азайтуу үчүн шаардыктарды коомдук транспортко өтүүгө үндөдү.

Ал «Биринчи Радио» эфиринде сүйлөп жатып, Кыргызстанда транспорт маселесинде альтернатива аз экенин белгилеп, монорельс куруу зарылдыгын айтты. Депутаттын айтымында, азыр шаарда автобустар жаңыланып, жолдор оңдолууда, бул коомдук транспортко өтүүгө жакшы шарт түзөт.

Аматов өзгөчө студенттерге кайрылып, жеке унаа токтоп турганча коомдук транспортту колдонуу пайдалуураак экенин баса белгиледи. Ошондой эле Бишкекке монорельс куруу үчүн инвесторлор изденип жатканын кошумчалады.

«Мен да жеке унаамды колдонуп келем, бирок кимге зарыл эмес болсо, коомдук транспортту тандасын. Бири-бирибизди сыйлап, жол тыгындарын азайтууга салым кошолу», — деди депутат.

Scroll to Top