Баалуу металлдар департаментинде коррупциянын алдын алуу боюнча семинар өттүПрокуратуранын кийлигишүүсүнөн кийин компаниянын салык карызы эсептен чыгарылдыКыргызстандагы мектептер үчүн жаңы окуу китептерине 8,5 млрд сом бөлүндү27-сентябрь: Кыргызстанда жаан жаап, шамал күчөйтСадыр Жапаров Маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачтыКыз ак калпакты өрттөп, тойлордо белек берүү салтынан баш тартууга чакырды
Министрлик: Багбандар үчүн кирешелүү чечим — кыргыздын кышкы алмурут сорту
19.09.2025 | 14:59

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги кышында да киреше табууну каалаган багбандарга кыргыздын кышкы алмурут сортун өстүрүүнү сунуштады.
Кыргыз дыйкандары чыгарган бул сорт өлкөдөгү эң белгилүү жана баалуу мөмө-жемиштердин бири болуп саналат. Анын негизги өзгөчөлүгү — кышка чыдамкайлыгы, ооруларга туруктуулугу жана даамынын жогорку сапаты.
Кыргыз кышкы алмурутунун артыкчылыктары:
- дарактын түшүмдүүлүгү жогору жана узак жылдар бою мөмөлөйт;
- мөмөлөрү жакшы сакталат жана ташууга ыңгайлуу;
- Кыргызстандын ар кандай климаттык шарттарына чыдамкай;
- ички рынок менен катар экспортко да пайдалуу.
Бул сорт өзүнүн даамы, сакталуу мөөнөтү жана соодадагы сапатын узак убакытка чейин жоготпогондугу үчүн Кыргызстанда эле эмес, Борбор Азия өлкөлөрүндө да жогору бааланат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом