«Манас» бажысында таризделбеген, 14 млн сомдук жеңил учак аныкталды

«Манас» бажысында таризделбеген, 14 млн сомдук жеңил учак аныкталды

ЕАЭБдин бажы мыйзамдарын бузууну аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган иш-чаралардын жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын аймагында транспорт каражаттарын өткөрүүдө бажы мыйзамын бузуу фактысы белгиленген. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, «S.K.G.A.» ЖЧКга тиешелүү «Diamond DA 42М-NG» жеңил моторлуу учак 2017-жылдан баштап өлкөнүн аймагында жайгашкандыгы белгиленген.

Бажы органдарынын Бирдиктүү автоматташытырылган маалыматтык системасынын борбордук маалыматтык базасында 2022-жылдын 31-мартынан тарта абалы боюнча учакка бажылык тариздөө жүргүзүү жөнүндө маалымат жок. Башкача айтканда, учак бажы жагынан таризделген эмес. Буга байланыштуу,   «S.K.G.A.» ЖЧКнын иш-аракетинде иш-аракетсиздигинде ЕАЭБдин бажы мыйзамдарын бузуу белгилери каралат.

Учак үчүн  «Убактылуу ташып кирүү» бажы жол-жобосу боюнча тийиштүү бажы төлөмдөрүнүн суммасы 5 млн 475 миң 810 сомду түзгөн жана «Ички керектөө үчүн чыгаруу» бажы жол-жобосу боюнча 8 млн 237 миң 128 сомду түзгөн.

Бул факт КБР АМС МЭЖге катталган, материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык баа берүү үчүн ведомстволугуна караштуулугу боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына берилген.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: тик учак

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>