Бишкектин Калинин көчөсүндөгү көпүрө оңдоо иштерине байланыштуу жабылатКожомкул атындагы спорт сарайына заманбап бассейн салынатМихаил Шайдоров Казакстанга фигуралык муз тебүү боюнча Олимпиаданын алтын медалын алып келди15-февралга карата аба ырайыЖашы жете электи зордуктоого шектелгендерди жоопкерчиликтен бошоткон. Кеминде Тергөө кызматынын башчысы кармалдыИшкерлерден акча талап кылып жүргөн. Ошто жалган милиция кызматкери кармалды
Бишкек: №5 троллейбустук каттамдын кыймылы убактылуу өзгөрөт
19.05.2022 | 09:40
20-майда No5 троллейбустук каттамдын кыймылы убактылуу өзгөрөт. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, буга Чүй проспектисинде «Бишкексууканал» ЖККнын оңдоо иштери себеп болууда. Төрөкул Айтматов көчөсүнөн Курманжан Датка көчөсүнө чейинки тилкеде суу түтүктөрүндөгү авария болгон жерге асфальт төшөлөт.
Саат 9.00дөн 18.00гө чейин троллейбус Жал кичи районунан Батыш автобекети аркылуу каттайт.
Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана элден каттамды алдын ала пландап алууну суранат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом