Бишкек–Нарын–Торугарт жолундагы кырсык 4 адамдын өмүрүн алды

Бишкек–Нарын–Торугарт жолундагы кырсык 4 адамдын өмүрүн алды

Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолундагы кырсыктан 4 адам каза болуп, 2 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кырсык аталган унаа жолдун 125-чакырымында Кочкор районунун Теңдик айылында катталып, “КамАЗ” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа менен “Audi 100” үлгүсүндөгү унаа кагышкан.

Кырсыктын кесепетинен 4 адам (1999-жылы туулган М уулу К. – эркек киши, 1950-жылы туулган И.К — аял, 2 кыз –2009-жылы туулган С.А., 2017-жылы туулган С.А.) каза болуп, 2 эркек (1999-жылы туулган М уулу Ы., 2006-жылы туулган Д.Ө.) жабыркаган.

Жерине 5 куткаруучу тартылып, каза болгон адамдардын жансыз денелерин унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Жабыркагандар тез жардам кызматы аркылуу Кочкор райондук ооруканасына жеткирилген.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>