Бишкек кара түтүнгө чулганып калды — видео

Бишкек кара түтүнгө чулганып калды — видео

Бишкек шаарынын коюу түтүндөн улам көрүнбөй калган видеосу интернетке тарап, шаардын экологиялык абалы кайрадан талкууга түштү. 

Видеону Уланбек Жураев аттуу жаран Бишкектин жогору жагындагы Боз-Бөлтөк тоосунун үстүнөн тартып алып,  Фейсбуктагы баракчасынап жүктөгөн.

«Бары саясий окуялар менен алек болуп жатап, “газ камерасында” жашап жаткандыгын унутуп калды. Өкмөт тарабынан эч кандай чаралар көрүлбөй келет. Жакында онкология борборунда бейтаптар батпай калат”, — деп жазган ал.

Суук түшкөндөн бери Бишкекти каптаган кара түтүн коомдун кызуу талкуусуна алынып келет. Шаар башкармалгы адамдарга бет кап кийип жүрүүнү сунуш кылган.

Жакында эле жарандык коом өкүлдөрү бийликтин экология маселесине көңүл бурушун талап кылып «Биз тумчугуп баратабыз! Бизге таза аба керек!» деген акция өткөрүшкөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>