Ч. Валиханов көчөсүндөгү республикалык Жол кайгуул кызматынын айып төлөнүүчү унаа токтотуучу жайында 4 жеңил унаа өрттөндү. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, “Ауди-80” , “Ниссан Примера” үлгүсүндөгү унаалар толугу менен күйгөн. “Хонда Аккорд” үлгүсүндөгү унаанын мотордун отсеги, ал эми “Мицубиси” үлгүсүндөгү унаанын сол бампер жагы күйгөн.
Өрттүн себеби такталууда.