Бишкекте уурулукка шектүү төрт киши кармалды — сүрөт

Бишкекте уурулукка шектүү төрт киши кармалды — сүрөт

Бишкекте уурулукка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаран милицияга кайрылып, 2022-жылдын 23-апрелинде анын капчыгын уурдап кеткен белгисиз жаранга чара көрүүнү суранган. Анда 15 миң сом, арыз ээсине жазылган паспорт жана айдоочулук күбөлүк болгон. Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси «Уурдоо» боюнча кылмыш иши козголду.

Тартип сакчылары төрт шектүүнү кармап, убактылуу кармоочу жайга камашты. Алардын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар экендиги аныкталды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>