19-мартка карата аба ырайыИИМ: «Кыргызнефтегаз» ишканасындагы коррупция боюнча төрт киши кармалдыБишкек менен Чүйдө бодо малды семиртүү менен алектенген фермерлерге жеңилдетилген насыялар берилетЕАӨБ Ошто жолдорду куруу жана реконструкциялоо үчүн кредит беретЯпония ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кыргызстандык жаштарга инклюзивдик долбоордун алкагында стажировкаларды уюштуратЖККУ глобалдык тобокелдиктерди баалоодо аналитикалык борборлорго таянууга чакырды
Бишкектин мэри мектептерди текшерип, жооптуу кызматкерлер кызматтан алынды
17.09.2025 | 21:01

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбордогу бир катар билим берүү мекемелерин, анын ичинде №56 орто мектепти, №39 гимназияны, №117 жана №87 бала бакчаларды текшерди.
Мэриядан билдиришкендей, соцтармактарда айтылып келгендей, №56 мектептин абалы кейиштүү экени жеринде да тастыкталды.
Текшерүүнүн жыйынтыгында:
- Октябрь райондук администрациясынын башчысынын орун басары Асел Садыкова жана райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы Нурлан Байгулов кызматынан бошотулду;
- Октябрь райондук администрациясынын башчысы Жаныбек Орозалиевге эскертүү берилди;
- Мэрдин орун басары Виктория Мозгачева жана Бишкек шаарынын билим берүү башкармалыгынын башчысы Рахат Мусаева тартиптик жазага тартылды.
Мэр №56 мектептеги бардык кемчиликтерди 22-сентябрга чейин жоюуну тапшырды. Анын ичинде:
- тротуарларды оңдоо;
- жашыл аянтчаларды калыбына келтирүү;
- спорт залдагы жарыктандырууну алмаштыруу;
- жертөлөлөрдү жабуу;
- окуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн тосмолорду орнотуу.
Мындан тышкары, мектепти келерки жылдын капиталдык оңдоо тизмесине киргизүү жана резервдик фонддон кошумча каражат бөлүү чечими кабыл алынды.
Калаа мэри ошондой эле №39 мектеп-гимназиясын, №117 жана №87 бала бакчаларды да текшерип, оңдоо иштерин тездетүүнү жана коопсуздук эрежелерин так сактоону талап кылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом