Бишкек шаарында жети миллионунчу жарандын төрөлүшүнө байланыштуу борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров президент Садыр Жапаровдун атынан ымыркайдын ата-энесине 200 000 сом өлчөмүндөгү сертификатты «сүйүнчү» катары тапшырды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, Баланын атын Хамза коюшту. Ал 2022-жылдын 19-октябрында саат 2:25 мүнөт 40 секундада төрөлгөн. Мэр кичинекей бишкектикке жана анын ата-энесине чың ден соолук каалап, белектерин тапшырды.
Эскерте кетсек, 2022-жылдын 19-октябрында саат 2:10 мүнөт 10 секундда Баткен облусунун Кызы-Кыя шаарында Кыргызстандын жети миллионунчу жараны төрөлгөн.
Белгилей кетсек, жети миллионунчу тургундун туулган күнүнө карата иш-чараларды өткөрүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын отурумунун негизинде төмөнкү чечим кабыл алынган.
Саламаттык сактоо министринин жана Улуттук статистикалык комитетинин төрагасысынын маалыматына ылайык, жети миллионунчу жаран төрөлгөндөн кийин Кыргызстандын ар бир облусунда, Бишкек жана Ош шаарларында дагы сегиз бала жарык дүйнөгө келген.
Телеграм каналыбызга катталыңыз