Айгүл Жапарова ЭКСПО-2022 көргөзмөсүнө катышканы жатат

Айгүл Жапарова ЭКСПО-2022 көргөзмөсүнө катышканы жатат

1 -2-ноябрда Бишкекте биринчи айым Айгүл Жапарованын катышуусунда ЭКСПО-2022 аялдар ишкердигинин улуттук көргөзмөсү өтөт, анда Кыргызстандын бардык булуң-бурчунан келген ишкер айымдар өз продукцияларын кеңири коомчулукка тартуулап, инвесторлордун алдында сүйлөшөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Маалыматка караганда, 1-ноябрда Бишкекте “Бишкек Парк” соода борборунда өлкөнүн бардык аймактарынан келген 60тан ашык ишкер айымдардын товарларынын жана кызматтарынын жарманке-көргөзмөсү өтөт.

2-ноябрда B2B форматындагы аянтча уюштурулуп, анда жогорку даражалуу аткаминерлердин жана баяндамачылардын катышуусунда актуалдуу темалар, маселелер, аялдардын ишкердиги боюнча сунуштар боюнча панелдик сессия өтүлөт. Күндүн экинчи жарымында калыстар тобу жана потенциалдуу инвесторлор үчүн 40тан ашык ишкер айымдардын параллелдүү питчинги өткөрүлөт, алардын финалисттери бизнести өнүктүрүүгө инвестицияларды алуу мүмкүнчүлүгү үчүн Чыгыш Европадан келген катышуучулар менен атаандаштыкта ЭКСПО-2022 улуттук онлайн көргөзмөсүнө катыша алышат (2022-жылдын 16-17-ноябры).

Көргөзмөнүн катышуучулары 2022-жылдын сентябрында 400 өтүнмөдөн тандалып алынган. Октябрь айынын ичинде ишкер аялдар жеке бизнес-трекерлер, практиктер жана бизнес чөйрөсүндөгү адистер менен Accelerate Prosperity бизнес-акселераторунда бизнес көндүмдөрүнө окутуудан өтүштү.

  • ЭКСПО-2022 көргөзмөсүн уюштуруу жана өткөрүү Европадагы жана Борбордук Азиядагы БУУнун Аялдар түзүмүнүн улуттук өкүлчүлүгүнүн демилгеси менен Кыргызстандагы жана башка катышуучу-өлкөлөрдөгү ишкер аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү алкагында ишке ашууда.
Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>