Бишкекте Ак илбирс күнүнө карата интерактивдүү AR-квест өтөтФранция жалында: социалдык нааразылыктар кантип массалык башаламандыкка айландыАдылбек Касымалиев социалдык коргоо жана кесиптик бирликтер кызматкерлерин куттуктадыМамлекеттик туунун авторлорунун бири Эдил Айдарбеков дүйнө салдыБишкек ШИИБи Сыймык Жапыкеевдин кармалышы боюнча суроого жооп берди: батирдеги ызы-чууКыргызстанда инвесторлор үчүн жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү сунушталууда
Өзбекстандын Улуттук гвардиясынын командачысы Кыргызстанда болду
28.10.2022 | 20:17
27-29-октябрь күндөрү Өзбекстандын Улуттук гвардиясынын командачысы генерал-майор Рустам Жураев жетектеген Өзбекстандын Куралдуу күчтөрүнүн делегациясы Кыргызстанда иш сапары менен болду. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Иш сапарынын алкагында Өзбекстандын Улуттук гвардиясынын жогорку даражалуу өкүлү “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде болуп, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бейитине гүл койду.
Эки өлкөнүн аскер ведомстволорунун жетекчилери эки тараптуу кызматташуу жаатында бир катар документтерге кол коюшту.

Генерал-майор Рустам Жураев Кыргызстандын Улуттук гвардиясынын “Пантера” атайын багыттагы бригадасында болуп, бөлүктүн өздүк курамынын күжүрмөн даярдыгынын жүрүшү менен таанышты.
Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат